Сапар Исаков МАИчилерди шылдыңдоону токтотуу керек деди

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин шылдыңдоону токтотуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди.
Ал айрым жарандар Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин ачык эле шылдыңдап жатканын айтты.
"Бир нече күн мурун мен интернеттен мындай тоготпостукту көрдүм. Ал видеодо Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери жолдо бир унааны токтотуп, ага "жөө жүргүнчүнү жолдон өткөрбөй койдуңуз" деп так, сылык мамиле жасап, бардык талапты сактап кайрылып жатат. Айдоочу жол эрежесин бузганын моюнуна алган жок. Ал жерге дагы бир адам келип ал жөө жүргүнчү мен болчумун, мени өткөргөн болчу деп жатат. Кийин алар кетип бара жаткан Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерин шылдыңдап аркасынан күлүп жатышат. Бул кадамдары менен алар бийлик өкүлүн шылдыңдап жатышат. Ал эми алар шылдыңдап жаткан кызматкер ошол жерде тартиптүүлүктү сактоо үчүн турат. Мындан кийин биз Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн күлүп шылдың кылууга жол бербешибиз керек”, - деди премьер-министр.

Менин оюмча мыйзамдын эч кимге кереги жок. Атайын эмес байкабай пешеходду коёбербей койсоң анан мыйзамдуу түрө 1023 сом төлөйсүң еще горгаиге барып, андан көрө маиге акырын алып коюңуз деп 200 сом берип кетип калганың жакшы любой киши үчүн
ГАИ кылып коруш керек пробага...
демекчи сыйласа сыйлайсын да,орондоп турса балээсине сыйлайсынбы.