"Менин О!" тиркемесин орнотуп алыңыз +1ГБ интернет белекке
Текшерилген – баары иштейт!
“Менин О!” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары өз e-mail дарегин тастыктаганда белекке акысыз 1 ГБ интернет алышат. Өз электрондук дарегин тастыктоо менен О! абоненттери О! түйүнүнүн акциялары, бонустары жана жаңылануулары тууралуу актуалдуу жаңылыктардан кабардар болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кантип алса болот? Түшүндүрөлү:
“Менин О!” тиркемесин өз смартфонуна орноткон жана электрондук дарегин тастыктаган абонент, О! түйүнүнүн ичинде бир айдын ичинде сарпталышы керек болгон бонустук 1 гигабайт интернет-трафик менен сыйланат.
Эмне кылуу керек?
Болгону каалаган тиркемелер дүкөнүнөн “Менин О!” тиркемесин жүктөңүз же шилтеме боюнча басыңыз да, кыска каттоодон өтүңүз.
«Менин О!» - бул сиздин жеке виртуалдык тейлөө кеңсеңиз. Тарифтик пландарга кошулуу жана алмаштыруу боюнча жылдызчалар жана торчолор менен миңдеген керектүү буйрутмалары ичинде, эч нерсени жаттоонун кереги жок. Бардык операциялар жөнөкөй жана ыңгайлуу тиркемеде!
«Менин О!» тиркемеси аркылуу сиз саналуу секунданын ичинде төмөндөгүлөрдү аткара аласыз:
- эсептин абалын текшерүү;
- кошулган кызматтар тууралуу маалымат алуу;
- тарифтик планды өзгөртүү;
- сүйүктүү телеканалдарды тандоо жана ТВ-топтомдорду кошуу;
- гигабайт жана мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү;
- сүйлөшүүлөрдүн детализациясын алуу.
Тиркеме менен балансыңыз нөл абалында болсо дагы пайдаланса болот, анткени бул кызматты колдонууда О! абоненттери үчүн интернет-трафик акысыз. “Менин О!” тиркемеси кол алдыңарда кезде, жакын кеңселерди издөөнүн же call-борборго чалуунун кажети жок, анткени суроолордун көпчүлүгүн мобилдик тиркеме аркылуу чечсе болот.
«Менин О!» — сенин эң мыкты мобилдик жардамчың!
кошулду

Бонустун калдыгын текшерүү: *828#
Кутмандуу күнүңүз менен. Сиздин номеринизди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Текшерип алалы.
Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
Номериңди жибербе
С уважением,
Мобильный оператор О!
Саламатсызбы. Кайда жайгашкандыгыңызды жана жабдуудагы номерди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.
Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Командабызды кубандыралы! :)
Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
саламатсызбы. Маселениз эмнеде, тактап алынызчы.