super.kg logo

ATIKER - машинаңызга газ баллон жабдыктарын орнотобуз. Мыкты сапат жана кесипкөй адиске ишениңиз!

 

Бүгүнкү күнү Бишкекте машиналарга газ баллон жабдыктарын орнотуучу жалпы 20дан ашык ишкана бар. Алардын бири - Түркиядагы “Atiker Metal A.Ş” ишканасынын расмий өкүлү “ATIKER”. Ишкананын директору Кубанычбек Мийнекеев эмне үчүн газ баллон жабдыктарын орнотуу керектигин жана анын артыкчылыктарын айтып берди.

Биздин ишкананын өзгөчөлүгү жабдыктардын, тетиктердин баары түз Түркиядан алынып келет. Мунун мааниси өтө чоң. Айрымдар арзан кылыш үчүн тетиктерди ар жерден сатып алып коюшат. Андан сырткары бизде өз ишине мыкты, дасыккан адистер иштейт. Айрымдар чет өлкөгө барышып, кесипкөйлүгүн арттырып келишти. Машинага орнотулган жабдуулардын толук иштеп кетиши алгач жабдуулардын сапатынан, усталардын кол билгичтигинен көз каранды.

Биздин негизги максат үнөмдүү жана экологиялык жактан таза күйүүчү май катары газды жайылтуу, терс ушактарды жокко чыгаруу жана унааңызда газ баллон жабдыктарын колдонууну коопсуз жана ишенимдүү кылуу”, - дейт Мийнекеев.

СЕРТИФИКАЦИЯЛАНГАН ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ

Газ баллон жабдыктарын сертификацияланган борборлордо гана орнотуу зарыл. Биздин компаниянын башкы иш-аракети бензин менен жүрүүчү машиналарга төртүнчү муундагы газ жабдууларын орнотуу. Газ жабдууларын орнотуу алдында автоунаанын кыймылдаткычы компьютердик диагностикадан акысыз өткөрүлөт. Бул газ орноткондон кийин кыймылдаткычтын иштөөсүн баалап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгерде газ жабдыктар туура эмес орнотулуп же начар сапаттагы жабдык колдонсоңуз, унааңыздын ичинде газдын жыты, тартуу күчү начар болуп, тез күйүп калышы мүмкүн.

ТӨРТҮНЧҮ МУУН

Газ баллон жабдыктарынын төртүнчү мууну дүйнөдө кеңири тараган. Анда электрондук башкаруу бөлүгү жана газдын, басымдын, редуктордун температурасын билдиргичтер бар. Башкаруу бөлүгү газ системине өтөрү менен газ форсункалары электрондук башкаруу бөлүгүндөгү оңдоп-түзөөлөр боюнча маалымат алат. Андан соң суюк газ кыймылдаткычка газ түрүндө түшөт.

ГАЗДЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧКА ТААСИРИ

Суютулган газ бензинден таза жана жакшы бууланат, мындан улам майлоочу майды суюлтпайт жана булгабайт. Аба менен жеңил аралашып, текши, бир калыпта күйөт. Натыйжада майлоочу майдын иштөөсү 1,5 эсеге жогорулайт. Күйүү процесси басымдын жай өсүүсү менен жүрүп отургандыктан машинанын валын айланта турчу рычагга жана кыймылдаткычтагы поршенди вал менен бириктирүүчү бөлүккө аз күч келет. Газдын курамында күйүү камерасынын бөлүктөрүнө жана катализаторго зыян алып келүүчү химиялык күкүрт жана коргошун жок. Газ күйгөндө поршен, клапан, от алдыруучу шамдарда көө пайда болбойт. Газдын күйгөнүн үйдө колдонуучу газ плитасы менен салыштырсаңыз болот. Газда бензинге караганда октан эсеби көбүрөөк, 100дөн 105ке чейин. Октан эсеби цилиндрде күйүүчү майдын канчалык кысыларын аныктайт.

БЮДЖЕТТИ ҮНӨМДӨӨ

Газ баллон жабдыктарын орнотуунун башкы артыкчылыгы анын үнөмдүүлүгүндө. Эгер газ жабдыктар туура эмес орнотулуп же начар сапаттагы жабдык колдонсоңуз, бензинге караганда машинанын газга болгон керектөөсү 100 чакырымына 10-15 пайыз жогору болот. Бирок салыштырып көрсөңүз, баасы бир топ эле арзан. Азыркы тапта АИ 92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 41 сомдун тегерегинде. Ал эми 1 литр автогаздын орточо баасы 21 сом. Мисалы, 100 чакырымга 10 литр бензин керектелет десек, ошол эле аралыкка орточо 12 литр газ кетет.

ГАЗ ЖАРЫЛЫП КЕТПЕЙБИ?

Бул суроо менен кайрылган кардарларыбыздын саны арбын. Сапаттуу жана заманбап газ баллон жабдыктары көпчүлүк айтып жаткандай эмес. "Качан багажымдагы баллон жарылып кетет?" деп чочулоонун кереги жок. Эң башкысы - бардык лицензиясын көрсөтө алчу газ орнотуучу компанияга, атайын окуудан өткөн квалификациялуу адиске ишенүү керек. Газ баллон жарылган учурлар өтө сейрек кездешет. Кырсыкка кабылганда бензин менен жүргөн машинанын багы да жарылып кетиши мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. Газ баллон жабдыктарын туура орнотуп, убагында техникалык кароодон өткөрүп туруу керек. Бул, албетте, сиздин коопсуздугуңуздун кепили.

"ATIKER METAL A.Ş"

“Atiker Metal A.Ş” компаниясы 1970-жылы Түркияда негизделген. Алгач ишин бургулоого керектүү болот түтүктөрүн өндүрүү менен баштаган. Кийин рыноктун керектөөсү ишкердүүлүктүн профилин өзгөртүп, газ баллондорун чыгарууга өткөн. Убакыттын өтүшү менен “Atiker” бренди дүйнөгө таанылып, учурда 60ка жакын өлкөгө продукцияларын экспорттойт.

Толук маалымат алуу үчүн www.atiker.kg сайтына кирсеңиз болот.


кошулду





Автогаз менен жашооңуз жыргал болот

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
04.01.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Газ үнөмдүү болот. Мен степке газ коюп 3 жыл айдадым проблема болгон жок. Клапанды кургатып жиберет деген жалган сөз. 4-5 поколения кургатпайт
04.01.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баасы канча экен чыгарып койсонор жакшы эле
04.01.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
где это 25,30миндин тегерегинде бир брат 24минге койдурду
04.01.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо канча акча керектелет экен пайдалуу нерсе окшойт менда койдуруп алсамбы
05.01.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zainidin96, 1 цилиндрге 100 доллар. Андан тышкары установкага 100 доллар. 4 цилиндр болсо 500 доллар. 6 цилиндр болсо 700 доллар. 8 цилиндр болсо 900 доллар болчу да
05.01.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кече эле бир депутат айтып чыкты эле бугун булар чыкты (доля)
05.01.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
газ койдургандан кийин каратып туруш керек. Утечка болгон жаман. Бензин жерден күйөт. Газ абадан күйөт.
05.01.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Газ абайлап эле журуш керек. Газ опасный эле нерсе. Арзандын арзандай туйшугу бар.
05.01.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Газ клапандарды куйгузот. Мотордун майын майын алмаштырганда, газдындын фильтрин алмашыш керек. Диагностика кылыш керек. Регулировка кылыш керек. Бирок газ уномдуу. Кечее депутат айткан газга отуш керек деп. Мажбурлоонун кереги
05.01.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарыгер,гбо 1,2 поколения куйгузот. 4- куйгузбойт, эгерде оз убагында клапандарды регулировка кылып турса жана газды ото уномдуу режимге койбош керек. Эгерде машинениз коп журсо, газ менен жылына тузук эле эконом болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: