Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: "Бишкекте атасы белге тепкен баланын апасы "уулум куса болуп жатат" деп арызын кайтарып алды"
Бишкекте атасы белге тепкен баланын апасы "уулум куса болуп жатат" деп арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова SUPER.KG порталына билдирди.
"13-декабрь күнү эне-бала бизге келип, психологдун текшерүүсүнөн өтүштү. Ден соолуктары жакшы. Апасы уулу атасын сагынып, куса болуп жатканын айтып, мурда ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча жазган арызын кайтарып алды", - деди Султанмуратова.
Айта кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.
Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.

Ата эненин мерими бала учун табылгыс нерсе мейли урсун мейли тепсин мейли жинди болсун мейли алкаш болсун ар бир ата эне бала учун табылгыс адам
атасы алкаш болуп же ууру болсо да кимдин баласы ата эненсин чанды бала учун ар дайым ата эне эч нерсеге тенегис зат ошондой эле ата эне учун дагы баласы кылмышкер болсун башка болсун ата энеге учун алмашкыс жан