super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: "Биринчи вице-премьер болжол менен 40 миң сом айлык маянаны өкмөттөн алат"

 

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев айлык маянаны өкмөттөн алат. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шадиевдин өкмөттөн ала турган эмгек акысы болжол менен 40 миң сомду түзөт.

Буга чейин депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат болуп туруп өкмөт мүчөлүгүнө барган эл өкүлүнүн маянасын каржылоо булагы чечиле электигин билдирген.

Айта кетсек, 6-декабрда Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевди шайлаган. Ал эми 7-декабрда аталган кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

1-декабрдан баштап күчүнө кирген Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Ошондой эле парламенттин жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: