Өлкөдө 8 күндө айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырган 922 адамдын дээрлик жарымы кулап калган
2017-жылдын 4-декабрынан 12-декабрына чейин айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырган 922 адамдын 420сы кулап калган. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында айтылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиевдин айтымында, кулап калгандардын жарымынан көбү Бишкек шаарынан сынак тапшыргандар.
Ал эми билим берүү жана илим министринин маалыматында өлкөдөгү 223 автомектептин 79у гана талапка жооп берет. Ошондой эле 45 автомектепке айып салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Акча бербей калган учурда да компьютерде отуруп тапшырышат. Жыйынтык акыркы суроодон кийин эле чыгып берет.
Ушул убакка чейин канча адам права алды акчанын кучу менен ошол акчага алган правалардын кесепетинен жол кырсыктары кобойуп жаткандын белгиси
Калп эле анан куноонун баарын он рулдуу унааларга жуктой саласынар