super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин эмнеге оппозициядан ага күчтүү атаандаш чыкпай жатканын айтты

 

Бүгүн, 14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин чоң маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө журналисттердин бири оппозиция тууралуу суроо берди.

"Президенттик шайлоого катышам деп бир нече талапкер чыкты. Бирок алардын рейтинги төмөн болууда. Эмне үчүн дээрлик 20 жыл ичинде сизге оппозициядан таасирдүү атаандаш болгон жок? Өзүңүзгө мындай көрүнүш кызыктуубу?" - деп сурады журналист.

Владимир Путин жооп бергендей, саясатта атаандаштык болуш керек. "Мен өзүмө атаандаштарды тарбиялабайм да. Саясий чөйрөдө атаандаштыктын болушун каалайм. Оппозиция аянттардан кыйкыруу менен чектелбей, маселелерди чечүү жолдорун сунушташ керек да. Эл ишене турган реалдуу күн тартибин сунуштаса жакшы болмок. Мен үмүттөнөм, келечекте мындай болот. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот", - деп жооп берди Путин.

Айта кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын март айында өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: