super.kg logo

Шайлоо жыйынтыгына шек жараткан "Самара" боюнча иликтөөнүн автору УКМКга чакырылды

 

"Самара" боюнча журналисттик иликтөөнү жасаган "клооп.кг" сайтынын журналисти Ринат Тухватшин УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган сайттан билдиришти. Маалым болгондой, журналист эртең, 15-декабрда саат 10:00гө суракка барат.

Баса белгилеп кетсек, бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү маалымат жыйынын уюштуруп, аталган иликтөө боюнча комиссия иш жүргүзгөнүн, ичиндеги факттар жалган экенин билдиришкен.

Аталган иликтөөгө ылайык, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү серверде 2017-жылдын 13-сентябрынан 14-октябрына чейин "самара.кг" мамлекеттик эмес сайты жайгашып, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турган. Бул серверде бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтары (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) сакталат. Мындай мүмкүнчүлүк талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат.

"Клооп.кг" сайты "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөөсү жөнүндө макаланы төгүнгө чыгаруудан баш тартканына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сотко арыз менен кайрыла турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми доказатьетип бере албайт да клооп кж. Бирок шамал болбосо каяктан чыкмак эле. Самарабы же башкасыбы Жээнбековдун шайлоочулару учун сеть иштеди. Акча тараткандар "башкалардан алсанар жашыл галочка коюлуп калат" экинчи кишиден ала албайсынар деп эле айтыпатышты)). Эми мени сурасанар деле доказатетип бере албайм, отуп кетти)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: