super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков мамлекеттик жөлөк пул боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Кечээ, 14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу чараларын иштеп чыгуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өлкөдөгү мамлекеттик жөлөк пулду дайындоо жана аталган мыйзам ченемдери жөнүндө жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жөлөк пулдун үч түрү: бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул, 3 жашка чейинки ар бир балага ай сайын берилүүчү жөлөк пул жана 3 жаштан 16 жашка чейинки үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул каралууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов премьер-министрге жогорудагы мыйзамдын айрым ченемдерине каршы чыгып жаткан Нарын шаарынын тургундарынын талаптары тууралуу маалымдады. Анын айтымында, Нарын шаарынын айрым тургундары үй-бүлөдө 3 жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны үчтөн кем болгон учурда азыркы айрым жөлөк пул алуучулар тизмеден түшүп калуусу каралып жаткан мыйзамды кайрадан карап чыгууну талап кылышууда.

Өкмөт башчы өлкөдөгү айрым үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пул жалгыз киреше булагы болуп саналарын өзгөчө белгиледи. Ал буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мамлекеттик жөлөк пул тутумунан чыгарылуусу мүмкүн болгон жарандардын абалына талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары премьер-министр аталган жактарга жөлөк пул төлөөгө чыгымдарды жабуу үчүн зарыл сумманын эсебин жүргүзүүнү жана жогорудагы маселе боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: