super.kg logo

"Кара-Суу" базарынын ээлерине 195 миң сом айып салынды

 

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын талаптарын өз убагында аткарбагандыгы үчүн Ош облусундагы "Кара-Суу" базарынын ээлерине 195 миң сом айып салынды. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инспекторлор тарабынан аталган базарды текшерүү учурунда баш аламан соода күркөлөр жана долбоордон сырткары курулуштар жайгашкандыгы аныкталган.

Буга чейин инспекция тарабынан өткөрүлгөн машыгууларда баш аламан жайгашкан курулуштардан улам өрт өчүрүүчү унаалардын "Кара-Суу" базарына кирип чыгуусу мүмкүн болбой калгандыгы белгилүү болгон.

Ошондой эле энергетикалык, өрт, курулуш коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер белгиленген. Жеринде инспекторлор кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча "Кара-Суу" базарынын жетекчилигине эскертүүлөрдү беришкен. Бирок инспекциянын койгон талаптары бүгүнкү күндө толук кандуу аткарылган эмес.

Учурда инспекциянын көрсөтмөсүнүн негизинде 100 контейнер жылдырылып, 31 кичи базар ээлерине курулуштарды, контейнерлерди тез арада иретке келтирип, долбоордон сырткары жайгашкан курулуштарды буздуруу талабы коюлган. Ал эми буга чейинки инспекциянын талаптарын өз убагында аткарбаган "Кара-Суу" базарынын жетекчилигине 195 миң сом айып салынып, бүгүнкү күндө толугу менен өндүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
15.12.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура кылат антпесе кокусунан орт чыгып кетсе канча зыян болот эле. Ошондо бийликти куноолошмок козомолдошподу деп
15.12.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Суроттогу Кара- Суу базары эмес..Бирок туура эле жыйынтык болуптур
15.12.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur85,Иллюстрация деп турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: