3 жаштагы интернет жылдызына ата-энеси өзгөчө үй белек кылышты
Австралиялык Милли-Белль 3 жашта. Кичинекей курагына карабай, учурда анын социалдык тармактагы баракчасына катталгандардын саны 150 миңден ашуун. Тагыраагы анын апасы кызы 2 айга толгондон тарта социалдык тармакка каттап, анын кызыктуу сүрөттөрү менен бөлүшүп турган. Кийинчерээк кичинекей кызды белгилүү бренддердин өкүлдөрү байкап, анын баракчасынан жарнамалоо иретинде өз бренддериндеги жаш балдардын кийимдерин белекке берип турушкан. Учурда анын бир жарнамасы 250 доллар турат.
Кызыгы жакында эле кыздын ата-энеси ага өзгөчө оюнчук үй белек кылышкан. Чынында үй оюнчук деп аталганы менен, анын ичинде кадимки үйлөрдөгү шарттар түзүлгөн. Тагыраагы керебет, сыналгы, күзгү, кийим илүүчү шкаф жана башка бардык керектүү делген буюмдар орнотулган. Бул үйдү жасоого 3 ай убакыт сарпталып, 5 миң доллар каражат кеткен.
"Мен мындай үйдү алгач Америкадан көргөм. Бирок баасы 20 миң доллар болчу. Андыктан буюртма менен жасатууга туура келди", - деген кыздын апасы.
Ошондой эле аз күндө бул кичинекей үйдүн ичине кондиционер орнотуларын кошумчалаган.
Автор: Наргиза Талантбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Укмуш экен просто кийин бою оссо батпай калат го андан коро 1 комната эле уй алып ключун 18ге чыкканда белек кылбаптыр ага чейин квартиранттарга берип.