super.kg logo

Жылдын эң кымбат кол сааттары аныкталды

 

Техника канчалык деңгээлде өнүкпөсүн кол сааттар көпчүлүк адамдын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болуп калганында шек жок. Чет элдик басылмалар дүйнө жүзүндөгү эң кымбат кол сааттардын топтомун жарыялады. Азыркы мезгилде саналуу гана өлчөмдө жана атайын буюртма менен чыгарылган эксклюзив сааттар көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат. Көбүнчө мындай сааттар швейцариялык адистер тарабынан даярдалат. Бирок баасы миллион доллардан өйдө сумманы чапчыган сааттарды ар бир эле адам сатып ала албаса керек.

Greubel Forsey Art Piece

7-орунду өзгөчө моделге ээ, баасы 1 миллион 600 миң доллар турган Greubel Forsey Art Piece сааты ээлеген. Баасы кымбат болгону менен, саат ошого татыктуу мүмкүнчүлүктөргө жана конструкцияга ээ. Сааттын жебелерин жылдыруучу бурагычка кичинекей көлөмдөгү оймо-чиймелер түшүрүлгөн.

The Richard Mille RM 56-011

6-орун The Richard Mille RM 56-011 саатына буйруган. Баасы 1 миллион 85 миң долларды түзгөн кол сааттын бул модели ушул жылы чоң популярдуулукка ээ болгон. Саатты иштеп чыккан компания зор ийгиликке жеткен белгилүү компаниялардын катарын толуктаган. Корпусун иштеп чыгууда сапфир айнеги колдонулган. Корпус айнектен жасалгандыктан сааттын ичинде жайгашкан механизмдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Спорттук сааттардын түрүнө кирген бул эмгектен бешөө гана жасалган.

A. Lange & amp; Sohne Grand Complication

5-орунда баасы 1 миллион 92 миң доллар турган хронограф сааты жайгашкан. Немец саат чыгаруучулары өлкөдөгү эң татаал механизмге ээ саатты жасоо үчүн бир жылдан ашык убакытты сарпташкан. Сааттын ичинде 876 бөлүкчө бар, ар бирөө өз-өзүнчө милдет аткарат. Саат сайын сааттын ичинде орнотулган кичинекей барабандар үн чыгарып жаңы убакыт тууралуу кабардар кылып турат. Сааттын корпусу алтындан жасалса, колго тагуучу куру крокодилдин терисинен жасалган. Мындай эксклюзивдүү саатты жасап чыгуу үчүн 7 жыл убакыт кеткен. Бул саатты сатып алуучулардын саны көп болгону менен, азыркы тапта 6 гана экземпляр жарык көргөн.

 Platinum World Time

4-орунду 4 миллион доллар наркы менен Platinum World Time сааты ээлеген. Компанияга мындай кымбат сааттарды чыгаруу көнүмүш иш. Алар алгачкы кымбат кол саатын 1993-жылы чыгарышкан. Кол саатты жасоодо алтындын эки түрү колдонулган.

201-carat Chopard

Тизмедеги алдынкы үчтүккө баасы 25 миллион доллар турган кол саат кирген. Гүл түрүндө чогултулган асыл таштардан жасалган саат азыр дүйнө жүзүндө бир гана нускада. Бул сааттын циферблаты (сандар жазылган кагазы) ар кандай өңдөгү үч бриллиант менен жасалгаланган.

Joaillene Manchette

Башкалардан кескин айырмаланган моделге ээ болгон Joaillene Manchette сааты 27 миллион долларга бааланган. Швейцариялык адистер тарабынан 2008-жылы даярдалган бул саат Елизавета IIге белек катары жасалган. Ал ак алтын жана 576 кичинекей бриллианттар менен кооздолгон.

Graff Fascination

1-орунга ээ болгон кол сааттын баасы 40 миллион долларды түзөт. Өзүнүн кооздугу, түзүлүшү менен айырмаланган саатты колдонуу ыкмасы да өзгөчө. Тактап айтканда, аны өзүнүн атайын куру менен гана эмес, шакекке же болбосо моюнга таккан чынжырчага дагы жармаштырып коюп колдонсо болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.12.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2000 сомдук эле болот
15.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Канчалык кымбат болбосун,баары бир эле убакытты корсотот
15.12.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
40миллион долларбы,400 сомдук саатпы айырмасы жок бирдей убакытты корсотот.ашыкча ысырапкерчилик дагы Кудайга жакпаган терс корунуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: