super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Кубат Оторбаев КСДП фракциясынын жыйынына эмнеге келбегени белгилүү болду

 

Бүгүн, 15-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев ооруганына байланыштуу жумушка чыккан жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын кабылдамасынан билдиришти. Алар Оторбаев эмне болуп ооруп жатканын айтышкан жок.

Бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында акыйкатчынын ар жылдык баяндамасы каралмак. Оторбаев жыйынга келбегенине депутаттар нааразы болуп, анын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп табышты. Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңешке акыйкатчынын отчёту 2017-жылдын 21-апрелинде жолдонгонун айтып, ал бир нече жолу аталган фракциянын жыйынына келбегенин билдирди.

Эске салсак, Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүк добушу менен акыйкатчысы болуп шайланган. "Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы жөнүндө" мыйзамына ылайык, парламент тарабынан акыйкатчынын отчёту "канааттандырарлык эмес" деп табылышы анын кызматтан бошотулушуна себеп болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: