super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппаратта мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

 

3-июнда Президенттик аппаратта мамлекет башчы тарабынан бекитилген элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү жана интеграциялоочу ролун жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрүлдү. Тактап айтканда, жарандардын укуктарын кысымга албастан, кайсы этностун өкүлү болбосун бардык кыргызстандыктар үчүн кыргыз тили бириктирүүчү болуп калышына жетишүү тууралуу кеп кылынды. Ошол эле учурда өлкөнүн Конституциясы Кыргызстандын жарандары үчүн мамлекеттик кыргыз тилинен тышкары расмий орус тилин дагы эркин пайдаланууга шарттарды карайт. Ал эми жогоруда аталган президенттин Концепциясы кошумча түрдө англис тилин же дүйнөдөгү дагы бир тилди билүү аркылуу кыргыз жаштарынын атаандашууга, жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган. Кеңешмеге Президенттик жана Өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү, Каржы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери дагы катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: