super.kg logo

Ысык-Көлдө адам өлүмүнө шектелип соттолгон жаранга маркумдун уулу "кечирдим" деп тосмо арыз жазды

 

Ысык-Көлдө адам өлүмүнө шектелип, сот жообуна тартылган адамды бошотууну сурап, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазды. Мындай маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, адам өлтүрүү фактысы 2017-жылдын 8-июнь күнү Ысык-Көл районунун Ананьево айылында катталган. Сот процесси учурундагы соттолуучунун көрсөтмөсүнө караганда, ошол күнү маркум К.М. аттуу адам И.М. аттуу шектелип жаткан жарандын кашардагы үйүнө келип, башым ооруп жатат ичкенге бир нерсе барбы деп келген. И.М. ошол күнү туулган күнү экенин айтып, мейманы экөө бир жарым бөтөлкө спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң акча сураган К.М.га 150 сом берип, аны узатып ийип өзү үйүнө кирип жатып алган. Бул күндүн эртеси эле милиция кызматкерлери И.М.ны адам өлүмүнө шектеп, кашардагы үйүнөн кармап кетишкен.

Каза тапкан К.М.нын баласынын айтымында, ошол күнү ал атасын кашардагы үйүнө жеткирип коюп, жайлоодогу малына чыгып кеткен. Болжол менен саат 1:30дар чамасында келинчеги менен кошуналары жайлоого барышып, ага атасы каза болуп калгандыгын угузушкан. Шашып атасына жөнөгөн уулу кашардагы үйүнөн атасынын жансыз денесине күбө болгон. Жерде жаткан атасына кароо жүргүзүп, анын боору кан болуп калганын көргөн. Атасын дароо унаасына салып, айылдагы үйүнө алып келген. Кийинчерээк тергөөнүн жыйынтыгында маркум бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу аныкталган.

Бул кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн. Соттун чечими менен соттолуучу 8 жылга эркинен ажыратылган. Учурда соттолгон адамга карата каза болгон маркумдун уулу "доом жок, мен аны кечирдим" деп тосмо арыз жазып берген.

"Анткен менен сот анын тосмо арызын кабыл алган жок. Ал жазасын колонияда 8 жылга күчөтүлгөн тартипте өтөсүн деген чечим күчүндө", - деп жазылат маалыматта. Ал эми соттолуучу дагы деле ага тагылган күнөөнү моюнуна албай жаткан чагы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.12.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атанды олтургонго апанды алып бер деген ушул экен да
15.12.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баласы озуле олтургонго тиги башкуш бейкуноо отурабы дейм
15.12.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тосмо арыз жазганына караганда озу бирдемке кылган сыйактуу го и куноолу мойнуна албай жатса
15.12.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман кумон кылбасанар!Балким бала намаз окуп динди тушунгон неме чыгар. Бунунда балдары бар деп кечирип атса керек аялы ыйлап барса.Балким атасы ичеттир эле ошодон да атамда куноо дегенсип кечирип атса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: