super.kg logo

Баткенде жерге берилген мумия кайра музейге кайтарылышы мүмкүн

 

Парламенттеги жумушчу топ Баткенде жерге берилген мумияны ордуна кайтаруу маселесин карап чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ бул сунушун дүйшөмбү күнү парламенттин тармактык комитетинин кароосуна алып чыгат. "Эгер УКМК, жергиликтүү эл каршы чыкпаса, мыйзамдуулук сакталса, мумиянын абалы бузулбаса, анда өкмөткө "мумияны музейге кайтаруу маселесин карап көргүлө" деген сунуш берилет", - деди депутат.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги Тарых музейине өткөрүлгөн.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын кошумчалаган аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
15.12.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мумияны сасытпай жерде жатканы жакшы, анан аны изилдей турган адам жок деп турбай, бул мумияга миллион жыл болгон деп эле айтып койгулада, башка олколордун окумуштууларынан кемсинерерби.
15.12.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ойнодунар го жаман болду да эми жерге берилгенден кайра казып алуу не деген акмакчалык
15.12.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз мусулман калк болгон сон,минтип эл корсун кылып соокту музейге койгон такыр туура эмес!
15.12.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Angel92, мусулман калк болгонубуз менен, мусулманчылыкты тушунгондор 10% дагы чыкпайт. Мусулманмын деп алып, каапыр кылганды кылып журо берет.
15.12.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Беттин жаап чүмкөнүп алган аялдар көбүнчө фигурасы да, келбети да жок.Чүмкөнбөсө да аларды эч ким карабайт.Көрүп эле жүрөбүз.
15.12.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи тим эле коюш керек эле аны кайра борборго алпарып мусулманчылыкта анткен болбойтго.
15.12.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев бул мумияны шайлоодон алдын атайын комдургон эле. Себеби бир эки козу ачык аялдар "мумияны комбосо революция болот, эл которулушу мумкун, сен колдогон талапкер отпой калат" деп ызылдап АШАны коркутушкан. Ошол ишеничте Атамбаев мумияны комдургон болчу. Мына, шайлоо отту, куткондой эле Сооронбай шайланды.Эшек ылайдан отту.Эми кайра каздырып музейге койгогу жатат.Болбосо эмне кереги бар эле,ошончо жылдан бери турган мумияны комдуруп.Комуп жатканда тигил ызылдаган окмуштуулар кайд
16.12.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны алып келип бир жеринерге тыгасынарбы? 62 жыл жатты бирин басып барбадын. Ээ койгулачы жаш баладай болбой. Тентектер
16.12.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумиядан башка иш тапбай калдынарбы? Кайдагы бир сөөккө кызыкпай тирүү жүргөн адамдарга жардам бергилечи..
16.12.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч түшүнбөдүм мумия мумия эле дейсиңер өзү эмне ал? Ал жөнүндө издеп тарыхын таппайтам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: