Омар Казакстанда өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында 1-орунга ээ болду
Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан ырчы Омар 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева билдирди.
"Казакстанда болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында Омар 1-орунга ээ болду. Буюрса, эртең, 16-декабрда сыналгыдан көрө аласыздар. Кубанычыбызда чек жок", - деди ал.
Белгилүү болгондой, сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулган. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
14
14

Супер-Инфо
super.kg видео
















Куттуктайм!!
Эфенди айткандай таап татыктуу эле женишке. ырчы деп ушуну айт