super.kg logo

Уюштуруучулар: "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин өткөрүлгөн оюндардан олуттуу айырмаланат"

 

2018-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин өткөрүлгөн оюндардан олуттуу айырмаланат. Мындай маалыматты бүгүн, 15-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясында оюндардын уюштуруучуларынын бири Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы өтө турган lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүктөрү биринчи жана экинчи оюндарга окшош болбойт.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары деп аталгандыктан Кыргыз өлкөсүнүн гана эмес, дүйнөдөгү бардык көчмөндөрдүн жашоосун жана тарыхын чагылдырууга даярдык көрүүдөбүз. Үчүнчү оюндарга даярдык биринчи жана экинчи оюндарга караганда өзгөчө болмокчу. Бул ирет ат майданда дагы Кырчын жайлоосунда дагы даярдык жакшы болот. Эртерээк бюджетти толуктап, мурун баштан өткөргөн кемчиликтердин баарын жоюп, башкача кооздукта өткөрөбүз. Биз ойлоп жаткан максаттарыбыз ишке ашса, Кыргыз өлкөбүздүн аброю жогорку деңгээлге өсөт. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин театралдаштырылган бөлүгүнө Кыргыздар гана катышса, эми lll көчмөндөр оюндарында чет өлкөдөн келген коноктор дагы катышат. Ат майданда өтө турган ачылыш аземинде биз Дүйнөлүк көчмөндөрдүн сүрөттөлүшүн көргөзсөк, Кырчын жайлоосунда нукура Кыргыз көчмөндөрү кандай болгонун чагылдырууну пландап жатабыз. Иш-чаранын өзгөчөлүктөрү азыр сүйлөшүлүп жатат. Анын алкагында жаңы сценарийлер түзүлүүдө. Ал эми коюлган талаптар абдан күчтүү. 6 айдан бери даярданып жатабыз, мелдеш башталарына бир жылдан аз убакыт калды, үлгүрүү аракетиндебиз", - деди Алтынбек Максүтов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
16.12.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Экоон тен колхоз экенсин.понятия жок бул проектин баркын тушунбойсунор ал учун коп окушунар керек.Бахрейн Иордания канча акча болсо биз беребиз.Ушул проектин уюштуруучулар жана откозуучулоруно бизди кошсонор болду деген.Кыргызстан мн бирге ойлоп таптык деген наам учун.Атамбаев жоок Турция Казахстан бар анан силер откозушунор мумкун десе болушкан эмес.эми керек эмес дейсинерби дале
16.12.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USSRKG, сен оз тушунугунду, дуйно таанымынды остур!!! Сапар Исаков 2-кочмондор оюну болоордо да кочмондор оюну учун чет олколук инвесторлор, айрым олколор миллиондогон долларларды которуп жатканын айткан... Кийин белгилуу болгондой казынадан жаны мектептерди курууга болунгон бмр миллиарддан ашык акча 2-кочмондор оюнун откоруу учун жумшалып кеткен... Ал эми тиги чет жактан келген миллиондогон долларлар кайда жумшалганы белгисиз, Сапар Исаковдун чонтгнуно эле тушпосо...
16.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USSRKG, сен санаган олколор миллиард доллар которуп жардам берген кундо да, ал акчалар Сапар Исаковдун чонтогуно тушот... Кочмондор обнун откоруу оорчулугу баягы эле казынага тушот...
16.12.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кереги жок! Бюджеттен акча жумшалат бирок бюджетге копеек тушот... Калганын Исактын небереси суугунуп койот...
16.12.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачып жабуу аземинде жарыкты жакшы берсе эмесе карангы болуп жакшы корунбой калат экен
16.12.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы мектептердин курулушу токтойт тура. Кимге кереги бар эле зыяндан башка эч пайдасы жок ушул оюндун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: