super.kg logo
  Саясат  

Кубан Абдымен: "Жалал-Абаддагы окуялар өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүүдөгү эң оор учурун көрсөтүп жатат"

 
"Жалал-Абаддагы болуп жаткан окуялар өлкөнүн парламенттик башкаруу формасына өтүүдөгү эң татаал, эң оор учурун көрсөтүп жатат",- деп билдирди саясат таануучу Кубан Абдымен. Айтымында, бардык маселелер укуктук талаада гана чечилиши керек жана жол тосуу менен эки тарап тең эч кандай пайда таппайт. "Учурда эки тарап бири-бирин түшүнө албай турган учур. "Чыр дөбөдө чыркырашыптыр" дегендей болбой, ийри отуруп түз кеңешүү учурдун талабы. Ош-Бишкек жолун тоскондор терең ойлонушу керек, өздөрүнүн жасаган аракети менен өздөрүнө чоң зыян алып келип жатканын түшүнбөй жатышат. Канчалаган унаалар жүктөрү менен өтө албай токтоп турат, мунун зыянын өзүбүздөн башка эч ким тартпайт",- дейт Абдымен. Ал ошондой эле Жалал-Абаддагы митингдер демократиянын катаал сыноосу экенин да кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: