super.kg logo

Суусамыр-Талас-Тараз жолунда жарыктандыруунун абалы канааттандырарлык эмес деп табылды

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык маанидеги Суусамыр-Талас-Тараз авто жолундагы кечки жарыктандыруу жана жол коопсуздугунун абалы боюнча текшерүү жүргүздү.

екшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аталган авто жолдун 12-105-чакырымдарындагы жолду жарыктандыруунун абалы канааттандырарлык эмес деп табылган. Мындан тышкары 78 зарыл болгон жол белгилеринин жоктугу белгилүү болгон. Кызматкерлер коюлган жол белгилеринин эскирип, жарактан чыгып калганын аларды алмаштыруу зарылдыгы бар экенин аныкташкан. Унаа жолундагы атайын сызыктардын жоктугу, бузулган жолдор, пайда болгон аң-чуңкурлар да эске алынды", - деп айтылат аталган башкармалыктын маалыматында.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери текшерүүнүн негизинде Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин кызмат адамдарына карата 4 административдик протокол толтурушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: