Жапайы жаныбарлардын 2017-жылдагы өзгөчө жана күлкүлүү сүрөттөрү жарыяланды
Тибор Керц тарткан сүрөт
Тибор Керц тарткан сүрөт
Чет элдик басылмалар 2017-жылдагы жапайы жаныбарлардын күлкүлүү жана өзгөчө сүрөттөрүн жарыялашты. Маалым болгондой, бул сүрөттөрдү "Comedy Wildlife Photography Awards`тын" калыстар тобу 86 мамлекеттин өкүлдөрү жиберген 3500 сүрөттүн ичинен тандап алышкан.
Белгилүү болгондой, тандалган сүрөттөрдүн ичинен "Мыкты сүрөт" деп Тибор Керц аттуу сүрөтчүнүн эмгеги табылган. Сүрөттөн 3 үкүнүн бирөөсү дарактын сабагынан кулап бара жатканын көрүүгө болот.
Сынак британиялык сүрөтчү Пол Жонсон тарабынан негизделген. Калыстар тобунун катарына алып баруучу Кейт Хамбл, сүрөтчү Том Саллам, куудул Хью Деннис, актёр Билл Треверс жана башка бир топ белгилүү фотографтар кирет.
Автор: Наргиза Талантбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.