super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык күрөшчүлөр Азия чемпиондугуна даярданышууда

 
Спортчулар кызуу машыгуу өткөрүп жатышат
Спортчулар кызуу машыгуу өткөрүп жатышат
Машыктыруучу иш үстүндө
Спортчулар кызуу машыгуу өткөрүп жатышат
Спортчулар кызуу машыгуу өткөрүп жатышат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 25-майдан 12-июнга чейин Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар жана эркектер курама командасы Азия чемпиондугуна карата машыгуу өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, жалпы 35 спортчу машыгып жатат. “Жогорку жетишкендиктерге умтулуу үчүн машыгуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Таиландда өтө турган кыздар арасында эркин күрөштүн Азия чемпиондугуна 3 спортчубуз катышат”,- деди машыктыруучу Нурбек Изабеков. Айта кетсек, 13-16-июнь күндөрү Таиланддын Пхукет шаарында өтө турган грек-рим, эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугуна мекендештерибиз да аттанышат. Спортчулардын курамы төмөндөгүдөй:

Эркин күрөш боюнча эркектер курама командасы: 

Азим Ивахов 55 килограмм 

Нурбек Жаркынбаев 60 килограмм 

Бекжан Мээримбеков 84 килограмм

Баград Мусаев 120 килограмм. Машыктыруучусу - Айбек Азырболов. 

Грек-рим күрөшү боюнча эркектер курама командасы: 

Эрлан Садырбеков 55 килограмм

Аскат Аманбек уулу 84 килограмм 

Самат Шырдаков 74 килограмм

Камбар Жоробеков 96 килограмм. Машыктыруучусу - Фархат Ушуров. 

Эркин күрөш боюнча кыздар курама командасы: 

Нуржанат Бекматова 44 килограмм 

Кундуз Кушубакова 55 килограмм 

Айсулуу Тыныбекова 59 килограмм. Машыктыруучусу - Нурбек Изабеков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: