Жөлөк пул боюнча мыйзамга нааразы болуп жол тоскондор суракка алынып түшүнүк кат жазышканын айтышты
Жөлөк пул боюнча мыйзамга нааразы болуп, жолду тоскон Ат-Башы районунун тургундарын милиция кызматкерлери суракка алып, түшүнүк кат жаздырышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-декабрда жол тоскон жергиликтүү тургундардын бири кабарлады.
"Бизди бүгүн коркутуп-үркүтүп суракка алышты. Түшүнүк кат жазбайбыз десек камап алып, 10-15тей адамдан түшүнүк кат жаздырып алышты", - дейт ал.
Андан сырткары аталган мыйзамга болгон нааразычылыктарын эч ким укпагандыктан айла жок жол тосууга барышканын кошумчалады.
"Биз жолдон өткөн унааларды тонойлу деп жол тоскон жокпуз. Үнүбүздү эч ким укпаган соң жол тосконго аргасыз болдук. Жаңы мыйзам боюнча 3 же андан көп балалуулардын бирине гана жөлөк пул берилип калат экен. 2 балалуу болсоң да ала албайт экенсиң, бул туура эмес да. Жол тосуп турсак акимчиликтен адамдар келип, аталган маселе боюнча нааразычылыгыңарды арыз түрүндө жазып бергиле дешти, жаздык. 2-3 күн күтөбүз, эгер чечилбесе бул нааразычылыкты улантабыз. Балдарыбыз үчүн бардык кадамдарга барабыз", - дейт жергиликтүү тургун.
Эске салсак кечээ, 15-декабрда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургундары жөлөк пул боюнча мыйзамдагы чектөөлөргө каршылык көрсөтүү иретинде Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун тосушкан.

Жогорку Кенеш бул мыйзамды ондоп, тузотуп, чектоолорду алып салышы керек..... Болбосо мамлекеттин элге жардамы кайсы?!! Озу 500 сом бир балага кийим алып берууго да жетпейт... Бир балага куздогу мектеп формасына эле бери болгондо 4000-5000 сом кетет, кышкы кийимин эсептебегенде... Анан уялбай чектоо киргизип коюшканын арам тамактардын!!!