Бишкекте 200гө жакын үй-жайсыз адам атайын жайларда жашап жатат
Азыркы тапта Бишкекте 200гө жакын үй-жайсыз адам атайын жайларда жашап жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында үй-жайсыз калган адамдар үчүн атайын төрт баш калкалоочу жай бар. Алар күз айларында ачылып, жаз айларында кайра жабылат. Ошондой эле ал жакта жашагандарга бир маал ысык тамак берилет. Андан сырткары кургак учукту, ар кандай ооруларды алдын алуу үчүн медициналык текшерүүлөр жүрүп жатат.
Адистердин баамында үй-жайсыз адамдардын көбү аракечтик, кургак учук жана баңгилик менен жабыркашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.