super.kg logo

Михаил Саакашвили жарашуу үчүн Порошенкого кат жолдогону айтылды

 

"Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Украина президенти Пётр Порошенкого жарашууну сунуштап кат жолдоду", - деп жазышты Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары.

Буга чейин Саакашвили Порошенко менен жарашуу зарыл экенин билдирген.

"Эгер биздин талаптар аткарылса биз жарашууга барабыз. Талаптар коррупцияга каршы күрөшүү, сот, шайлоо, импичмент жөнүндө мыйзамдар, башкы прокурорду кызматтан кетирүү", - дейт Саакашвилинин "Жаңы күчтөр кыймылы" партиясынын мүчөсү Юрий Деревянко.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Саакашвили Киевде кармалган. Дүйшөмбү күнү Киевдин райондук соту прокуратуранын Саакашвилиге карата үй камагына алуу өтүнүчүн четке каккан. Андан кийин Саакашвилини Башкы прокуратурага суракка чакырганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.12.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жиндиго биздикилер башкача наглый кылат безирейип алып
17.12.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жарашпаганда башка айла барбы?Саакашвили бул куу неме,которулуш чыгарып Киевди басып алганы аракет кылып,ою ишке ашпай камалып,эми турмодо чирип олбой жарашайын деп чечиптир да
17.12.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Грузиядан качып барып баш калкалаган жеринде кысып эле журбойбу.Порощенкодон башка бироо болгондо корот элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: