super.kg logo

Кореяда хакердик чабуулдун кесепетинен аскердик сыр катылган документтер жана ири суммадагы биткоиндер уурдалды. Сеул ага Түндүк Кореяны айыптоодо

 

Кореянын чалгындоо кызматы "Bithumb" атындагы криптовалюта биржасына хакердик чабуул болгонун айтып, ага Түндүк Кореянын хакерлерин айыптап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Булактардын маалыматы боюнча хакердик чабуулдан "Bithumb" биржасындагы 30 миң колдонуучунун маалыматтары уурдалган.

Айрымдар "Bithumb" биржасына чабуул 2017-жылдын февраль айында жасалганын, бирок июнь айында гана белгилүү болгонун жазышты. Анын кесепетинен уурдалган биткоиндердин суммасы 80 миллион долларга жеткен.

Ал эми 10-октябрда түндүк кореялык хакерлер ири көлөмдөгү аскердик сыр катылган документтерди уурдашкан. Анын ичинде Корея менен АКШнын аскердик иш аракеттеринин планы болгон. Коргонуу боюнча биргелешкен сыр маалыматтарды сактоо борборуна жасалган чабуулда 5015 жана 3100 операциялык планы уурдалган.

Биринчи документтерде Түндүк Кореяга карата согуш баштала турган болсо, АКШ жана Кореянын иш аракеттеринин ар бир кадамы, иш-чаралары бекитилген биргелешкен аскердик инструкция болгон. Анын ичинде Түндүк Кореянын бийлигин жок кылуу планы да киргизилген. Ал эми экинчи документте Пхеньяндын жергиликтүү чагым аракеттерине Сеулдун жасай турган жоопторунун жол жоболору камтылган.

Белгилей кетсек, "Bithumb" - бул Түштүк Кореянын соода дүйнөсүндөгү эң көп колдонуучусу бар биржа. Ал эми криптовалюта - бул бүгүнкү тил менен айтканда электрондук каражат.

Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
17.12.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Хакерлер Молодецтер туура уурдашыптыр.
Туштук Кореялыктарга ырас болот Америкага кошула калышты эле оздорунон корсун. Америкага кошулган Американын созун суйлогон мамлекеттерди азыр коруп жатпайбызбы. Америкага кошулган олко эч качан жыргабайт.
17.12.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Америкага кошулган мамлекеттерди кара да, Советтер союзуна кошулган мамлекеттерди кара. Түштүк Корея менен Ветнамдын айрымасы кандай. Жана Авганистанды кара канча артта калды. Биз деое жыргаган жокпуз.
17.12.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырас болуптур. Тун корея озу эркек экен, килтейген акш га гитараларын чертип по баран деп журушот. Туш корея болсо акшнын шакалы болуп алган.
17.12.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биткоиндерди уурдаганга болбойт дединер элего супер?
17.12.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
arena2014, Ооба!!! Значит гарантия жок экенда...
17.12.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
arena2014, биткоин электрондук акча болгондуктан аны хакерлер уурдап алуусу мүмкүн ага эч ким кепилдик бере алган эмес.
Себеби, ал кандайдыр бир серверде сакталып тургандыктан ага чабуул кыла алышат хакерлер жолун табышат.
18.12.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
американа кошуласынбы россияга кошудасынбы баарыбир ак ит кара ит бир ит.Турция Иран Катар жана башка кучтуу мусулман калктарына кошулуш керек
18.12.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Attila88, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: