super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча "Хан Манас кубогу": Мелдештин 2-күнү Кыргыз курама командасы көбүрөөк медаль жеңип, командалар арасындагы жарышта 1-орунду ээледи

 

Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) дзюдо боюнча "Хан Манастын кубогу-2017" эл аралык мелдештин 2-күнү өтүүдө. Анда спортчулар 7 салмак категорияда күч сынашууда. Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Армениядан, Грузиядан жана Индиядан жалпы 355 спортчу келип, "Хан Манастын кубогу" үчүн атаандашууда.

63 килограммга чейинки салмак ченинде Зирегүл Кадырова коло медаль үчүн беттеште казакстандык спортчуну жеңип коло медалын тагынды.

73 килограммга чейинки салмак ченинде Айзирек Боркошова казакстандык Венера Тамабакты таза жеңиш менен утуп коло медалын багындырды.

Ушул эле салмак категориянын финалдык беттешинде Элмира Акишева казакстандык дзюдочуну жеңип алтын медалын тагынды.

78 килограммга чейинки салмак категорияда Шахида Нармухамедова финалдык беттеште казакстандык атаандашын жеңип алтын медалга ээ болду.

73 килограммга чейинки салмак категорияда Ишен Аманов өзбекстандык атаандашына жеңилип күмүш медалды тагынды.

81 килограммга чейинки салмак категориядагы финалда Эрлан Шеров кошумча убакыттын 1 мүнөт 38 секундунда атаандашын көтөрүп чаап, алтын медалга ээ болду.

Муну менен "Хан Манас" мелдешинде Кыргыз курама командасы медалдык эсепте 1-орунду ээлеп, кубокту жеңип алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Куттуктайбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: