super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча "Хан Манас" кубогу: Жогорку салмак категорияда Кыргыз дзюдочулар 1 күмүш, 2 коло медаль жеңип алышты

 

Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) дзюдо боюнча "Хан Манастын кубогу-2017" эл аралык мелдештин 2-күнү өтүүдө. Анда спортчулар 7 салмак категорияда күч сынашууда. Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Армениядан, Грузиядан жана Индиядан жалпы 355 спортчу келип "Хан Манастын кубогу" үчүн атаандашууда.

90 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште Кыргыз спортчулар Кайрат Муратбеков менен Анарбек Каныбек уулу бири-бирине кез келди. Беттештин жүрүшүндө Кайрат Муратбеков атаандашын таза жеңиш менен жеңип коло медаль тагынды.

100 килограммга чейинки салмак категорияда финалдык беттеште Кыргыз дзюдочу Орозбек Алмазбеков өзбекстандык спортчу Аловиддин Журакуловго жеңилип күмүш медалга ээ болду.

100 килограммдан жогору салмак категорияда коло медаль үчүн беттеште Кыргыз дзюдочулар Сыймык Жапаров менен Дастан Сарбатов кез келди. Беттештин жүрүшүндө Дастан Сарбатов 3 жолу айып алып, жеңилүү ызасын тартты. Муну менен Сыймык Жапаров коло медаль тагынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: