super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ДЕКАБРЬ: Мындан 16 жыл мурун белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев каза болгон

 
Кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев 2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССР Комсомолу, "Уркуясы" Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал "СССРдин Эл артисти", 1972-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Төлөмүш Океевдин чыгармачылыктагы ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.
18-декабрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: