super.kg logo

Эрдоган Чыгыш Иерусалимде Түркиянын элчилиги ачыларын айтты

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Чыгыш Иерусалимде Түркиянын элчилиги ачыларын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ал мындай билдирүүнү Түркиядагы бийликчил "Акыйкаттык жана өнүгүү" партиясынын жыйынында билдирген.

Ал Чыгыш Иерусалим Ислам кызматташтык уюму тарабынан Палестинанын борбору деп таанылганын, Чыгыш Иерусалимде Түрк элчилигин ачуу ага ылайык келерин айткан. Ошондой эле ал учурда Иерусалим Израиль өлкөсү тарабынан оккупациялангандыктан элчилик ачууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын, бирок сөзсүз ачыла тургандыгына убада берген.

Андан сырткары Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган АКШнын президентти Дональд Трамптын чечимин да катуу сынга алган. Ал Трамп БУУнун көз карашына каршы келген аталган чечимди кабыл алып жатканда еврейлердин көз карашына басым жасаганын, аны менен тоготпостук кадамдарга барганын айткан.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 6-декабрда АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааный турганын айткан. Анын билдирүүсүнөн кийин Иерусалимде баш аламандыктар башталган. Кагылышуулар Хеврон, Вифлеем жана башка шаарларда учурда да катталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
18.12.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мусулман бир туугандар алга
18.12.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иерусалим мусулмандардын тарыхий ыйык жери. Ал жерден суйуктуу жана бул ааламдын акыркы пайгамбары (Алланын бизге жоноткон элчиси) Мухаммед алейхис салам мээражга которулгон жери. Мына дал ушул жерден Алла таала тарабынан бизге 5маал намаз парз (милдет) болгон. Кыргызстан да жоон андып эл эмне дейт деп отурбай каршылыгын корсотуш керек. Иерусалим биздики мусулмандардыкы (еврейлер)жооттордуку эмес!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
18.12.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
бирнерсе дейин десе " биз светтик олкобуз" деп чыгышат.. батыштын куйруктары
18.12.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрдоган чечкиндуу эл башчы экен, элчилик ачса Израил каршылык кылат, еврейлерде ядролук курал бар, аалам тынч болсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: