super.kg logo
  Саясат  

Талас. Таласта ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү

 

3-июнда Талас шаарында ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп, ага облус жетекчисинин орун басары Рыскелди Ботиков, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүңүр Мамбеталиев жана 30дай аксакал катышты. Жыйындын жүрүшүндө 24-майда Талас шаарында өткөн конференция тууралуу сөз болуп, аксакалдар өз нааразычылыктарын билдиришти. М.Мамбеталиев: “ардагерлер кеңешин бөлүп-жарган адамдарга нааразымын. 24-майда өткөн конференцияга бизди чакырбай жашыруун өттү, анда аброюма шек келтирген сөздөр сүйлөндү. Жыйынды баштан-аяк тарткан облустук телеканалга да нааразылык келтиребиз. Жыйынды болсо мыйзамсыз деп билебиз жана аны жараксыз деп табуу маселесин козгоп, ошонун үстүндө талкуу жүрүп жатат”,- дейт.  

 

Ал эми жыйында түзүлгөн коомдук бирикменин төрагасы Жолойбек Мадиев 24-майда өткөрүлгөн жыйын боюнча: “Бишкек шаарынан укук коргоо органдарынын ардагерлери келип жыйын уюштурган. Анда ардагерлердин укуктарын коргоо үчүн коомдук уюм түзүлүп, мени төрага шайлашты. Бирок биз ардагерлердин коомдук уюму облустагы эмгек ардагерлери менен тыгыз иштешүүгө даярбыз”,- деди Мадиев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: