Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ырын Азербайжан ырчысы ырдап чыкты








Азербайжандык белгилүү ырчы жана композитор Араз Элсес Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу чыгармасын кыргыз тилинде ырдап чыкты. Бул тууралуу маалыматты ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Ушул жылы жай айында Кыргыз өлкөсүндө тартылган клибимди тартуулайм. Сиздерге жагат деген ойдомун. Клиптин астында субтитр түрк тилинде жазылган", - деп жазган баракчасына Элес.
Аталган клип Ысык-Көлдүн жээгинен, Жети-Өгүздөн, ошондой эле Кыргыз жергесинде жайгашкан тарыхый жерлерден тартылган.
Араз Элсес Түштүк Азербайжандын Сулдуз уездинде төрөлгөн. Белгилүү ырчы жана композитор 1997-жылдан бери Норвегияда жашайт.
Араз Элсес - Кыргызстаным
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Сага баары сонун боло береби, куран окуп аткансып ырдаптыр.