super.kg logo

Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

 

Бишкекте милициянын кенже сержантын сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн Түштүк дарбазасына кире бериш жерде болгон. Анда белгисиз айдоочу Лексус LX-470 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержантын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Ошол эле кезде "Перехват" иш мерчеми киргизилген. Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринин натыйжасында изин суутпай Бишкек шаарынын тургуну 1998-жылы туулган И.А. аттуу жаран автоунаасы менен кармалып, унаасы атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, чогултулган иш кагаздар айдоочу менен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакыртылып кенже тескөөчү Бишкек шаарынын №4-ооруканасына жаткырылды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында.






Бишкекте айдоочу МАИ кызматкерин сүзүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
18.12.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
копкон го балапан.Менттер ушул окшогодорго катуу чара коруп башкаларга сабак кылбасанар,кийинкисинде тепселеп эле кетет.Акчанын кулу болуп кичине тыйынын алып кое берсенер,анда Аман эле болгула
18.12.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2жыл бергиле жок дегенде
18.12.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир таанышы чыга калат ортого тушуп таза чынчыл туз иштеп коррупция болбосо ушул кылмышкерди сот жообуна тарткылачы
18.12.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
.кырсык айтып келбейт туугандар, жаш бала экен шок абалда коркуп качты да.
18.12.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79,Шок болуп качтыбы, бок болуп качтыбы ал мааниге ээ эмес. Дал ошо качканы учун жазасын алышы керек.
18.12.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79,ойлонуп жаз!
18.12.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атайын сузуп жататго видеодо
18.12.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдарга ушинтип праваны сата бергиле!! Ушуга окшогон копкон чириктерди 5 жыл 10 жылга чейин машина айдабай турган кылып салгыла акчасын алып кое бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: