super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдын 11 айынын кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев өкмөт башчыга чек ара коопсуздугун камсыздоо, өткөрүү пунктарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Шаршеев Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чек араларындагы өткөрүү пункттарын жабдуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

Сапар Исаков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу ишинин өзгөчө маанисин белгиледи. Премьер-министр акыркы жылдары өлкөдө Мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана жеке курамдын аскердик даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөндүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле өкмөт тарабынан мындан ары дагы чек араны көзөмөлдөө системин жакшыртуу боюнча иштер улана бере турганын белгиледи. Кеңештин жыйынтыгында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине мекеменин ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча бир нече тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: