super.kg logo

Депутат: "Бүгүнкү шартта Кыргыз сүт азыктары ЕАЭБдин базарындагы атаандаштыкка туруштук бере албайт"

 

Кыргыз айыл чарбасында сүт өндүрүүнүн баасы жогору болууда. Мындай шартта кыргыз сүт азыктары ЕАЭБдин базарындагы атаандаштыкка туруштук бере албайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

"Азыр ар бир кыргыз ветеринар болуп өзү малга укол сайып жатат. Мындайда биздин бир да сүтүбүз өтпөйт. Орусия менен Беларустун продукциялары бизге кирип жатат. Ал жерде бүгүн арпа 4 сом. Биз 10-12 сомго таппай жатабыз. Чөптүн килограммы 2-3 сом. Алардын азыктары биздикине салыштырмалуу бир топ арзан, өндүрүмдүүлүгү көп болуп жатат. Биздин үч уйдун сүтүн Беларустагы бир эле уй берет. Биз бир уйдан жылына 2000 литр эле сүт алып жатабыз. 5000 литрден ашык сүт алмайын бул экономикалык жактан пайда алып келбейт", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитети Ысык-Көл облусуна сүт тармагын жакшыртууга бериле турган 5 миллион доллар грант боюнча маселени карап жактырды. Бул эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан берилгени жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.12.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар бүгүнкү күндө элдин талабына жооп бербей калды. Элиталык жашоону көздөп, бизге берген антын унутуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: