super.kg logo

Нарында жөлөк пул боюнча мыйзамга нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты

 

Бүгүн, 18-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына бир катар жергиликтүү тургундар кайрадан чогулушуп, 1-январдан тарта күчүнө кире турчу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга нааразычылыгын билдиришти.

Чогулган шаар тургундары үч жашка чейинки балдарга төлөнө турчу 700 сом суммасындагы жөлөк пул тууралуу мыйзамга нааразы экенин билдирип, чаралар көрүлбөсө ачкачылык жарыялай тургандыгын айтышты.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Тынчтык митингге чыккан шаар тургундары менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолукту. Облус башчысы 13-декабрда өткөн митингде айтылган талаптар боюнча премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болгонун жана жаңы мыйзамдагы "балага жөлөк" бөлүгүндө келип чыккан маселелер боюнча маалымат бергенин айтты", - деп билдирди катчы.

Ошондой эле Аманбай Кайыпов өкмөт башчы жөлөк пул айрым үй-бүлөлөр үчүн жалгыз киреше булагы экенин белгилеп, КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тез арада аз камсыз макамындагы үй-бүлөлөргө талдоо жүргүзүп, жөлөк пул төлөөгө кеткен чыгымдарды эсептөө менен тийиштүү сунуштарды киргизүү тапшырмасын бергенин билдирди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
18.12.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле талап коюп жатышат Нарын эли. Салык менен соцкоргоого ыраазычылыгыңды сурабай эле кааласаң да каалабасаң да алышат. Убагынан кечиксең 2000 айыппул да төгөсүн. Жөлөкпул бергенде аз бергени аз келгенсип кечиктирип да беришет.
18.12.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылышат.Ош.Бишкек.Жалал Абад.баардык областар чыгышыбыз керек.Мамлекет элди жинди ойлоп жатышат.Мурун 3 баласы барлар 2100сом алып журушсо азыр 700сом алат алда кичинеси 3ко чыкканда токтойт.
18.12.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми кыргыз элим сабыр эткиле.Атамбаевтин доскесин шайлап чон катаа эттинер.Жаны эле президент болуп пансионаттарды белек этип Озбекстанга откозуп берди.Жакында жолок пул эмес окмот алган кредиттерди эл толосун деген мыйзам чыкса мен тан калбаймын.
18.12.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Митингге чыгып балээ барбы уйунордо эле тынч жаткылада суукта
18.12.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurgaz, ичкен жегенинен куру калыпатса жон жатмак беле
18.12.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол эле калды, элдин канын соротурган болду кактап.2000 сомго шайланган прездент акчасын ушинтип кайтарап алат
18.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми бул жерде биз нарындыктар обон деп койобуз буларды,эч ким деле укпайбыз буларды.. калганын айтпай эле коёюн..
18.12.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар элди каратып туруп алдап атат карасан учтон жогору болуш керек дейт пасобия алыш учун азыр жаштар чет жерди туурап экиден учтон гана балалуу болуп калбадыкбы ошондо почти бизге жок эсеп экен да пасобия
18.12.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр айрыкча кыштын гуну жалгыз пасобия менен кардын баккандар бар айылда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: