super.kg logo

Депутат жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет жыйынында депутат Акылбек Жапаров жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бул мыйзам чабал иштелген жана анын үстүнөн кайра иштеп чыгуу зарыл. "Жаңы төрөлгөн наристелерге 2018-жылдын 1-январынан тарта 4000 сом өлчөмүндөгү сүйүнчү пул бериле баштасын. Бюджетте акча каралган, маселе жаралбайт. Ал эми жөлөк пулдарды берүүнү сентябрь айына чейин азыркы тартипте, эски мыйзам менен ишке ашырып туруу керек. Анткени мыйзам кабыл алынганда экономикалык эсептер сапатсыз жасалган, бул келечекте социалдык маселелерге кептеши мүмкүн", - деди Жапаров.

"Тилекке каршы, тоолуу Нарын, Талас облусунун жашоочулары бул мыйзамга абдан тынчсызданып жатат. Биз кийинки отурумга жаңы мыйзам долбоорун алып келсек. Бул жерде коркунуч жок, бюджетте каралган сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январдан баштап иштей берет. Ал эми калган жөлөк пулдар боюнча кайра карап чыгуу керек", - деп түшүндүрдү депутат.

Жапаров сүйүнчү жөнүндө мыйзамда кемчилик бар экенине токтолду. "Негизи мыйзамда кемчилик бар. Биз муктаж болгондордон акчаны алып, кирешелерди эске албай туруп акчаны 1 миллион 200 миң үй-бүлөгө бөлүштүрүп койдук. Биздин өлкөдө төрт категориядагы үй-бүлөлөр бар. Өтө жакыр жашаган 120 миң, жакыр жашаган 270 миң, орто жашаган 700 миң, бай жашаган 120 миң үй-бүлө бар. Бул жерде күнүнө 1 долларга жашаган үй-бүлөлөр да бар", - деп кошумчалады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(18)
18.12.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эптеп эле акча бербештин айласы деп эле айт да
18.12.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
4000с эсептесе чонтогуно эч нерсе тушбой калатырда
18.12.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шайлоо алдында элди алдап турушту эми кайтарып алат мыйзамды
18.12.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзам жазганда байларга кедейлерге деп болуп жазып калабы Акылбек мырза мыйзам баарына бирдей болуш керек
18.12.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4балама пособия берет экен деп умут кылып жаткам озгортом дейт булар
18.12.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы мыйзам боюнча 2 балан болсо чыкпайт экен. 3 же 4 балан болсо биринчи экинчи балана чыкпайт экен да учунчудон аркысына чыгат экен. Иши кылып башын айланат. Булар онойчулук мн карматып койбойт акчаны.
18.12.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Балатыны миллиондоп кооздоп,стулдарын миллиондордго жаныртса,жаны саат акы чуку дешип акча коротсо бюджетте акча барда карапайым калкка келгенделе бюджет тартыш болуп чыга келет.4000сомго кудай кесир кылбасын бирок азыр 1айлык продукты келбей калган заман
18.12.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уяты жоктор.Ар ким озунун балдарын эптеп багып алат.Силер элди алдап ар нерсе боло бербегилечи.Бербейбиз эле деп кой болду
18.12.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде тескеринче бай уй булоолор кобурок алат мамлекеттин жардамын.
18.12.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова кененирээк жооп берди.

Сүйүнчү жана жөлөк пулдар качан бериле баштайт?

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө" мыйзам долбоору 2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирет.

- Сүйүнчү жана жөлөк пулдун айырмасы
18.12.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кимдерге канча сомдон акча чыгат?

- Балдарга берилчү акча өлкө казынасынан каржыланат. Мыйзам долбоордун демилгечилери бул төлөмдөрдүн болжолдуу суммасын төмөнкүчө бекитишкен:

"Балага сүйүнчү" – ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү акча — 4 миң сом;"Балага жөлөк" — үч жашка чейинки ар бир баланы багууга каралган ай сайын берилчү жөлөк пул – 700 сом;"Үй-бүлөгө көмөк" — 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага ай сайын берилчү жөлөк пул –
18.12.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде мындай салт бар. Ким президент болсо пенсияларды которуп элге жагынмай. Бул жакшы иш бирок мамлекетке кайдан акча тушот? Мамлекет жерди кен байлыктарды залогко коюп плансыз кредит алып атат, ошолордун эсебинен пенсия, пособия берет.Эми ар бир балага суйунчу алуу социалдык тупике алып барбайбы?
18.12.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаны мыйзам мага жакты, мурда жолок пулду жакыр жашагандар алса, азыр жакырбы байбы баардыгы алат. Мурда уйундо телевизорун бар экен деп бербей койчу
18.12.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
120 мин уй було эместир,бирок 120 эле болсо керек менимче,билебиз го аларды))
18.12.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо көмөк акча 500 сомдон ар бир үчүнчү балага берилгенде 6 балаң болсо 1000 сом алат экенсин. Жөлөк пул дегени 3 жашка чейинки балдардын бары 700 сомдон алышат.
5 балаң болсо 3 жаштан өткөн 500 сом эле алышат. Бул сумма өтө аз. Айылдарда балдардын акчасын эле күтүп жашагандар бар. Аны да эске алыш керек
19.12.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаңы жылдык балатыга 16млн.дон ашык каражат сарпталып жатат.
Ассоль Молдокматованын постун окусаңар, реалдуу нерселерди жазыптыр фейсбукта.

Керектүү нерсеге акча жок дагы, анан пайдасыз нерсеге ысрап кылабыз.
Кыргызстандын налогун төлөп жатканым үчүн айтып жатам. Жепжутарлардын айлыктарын азайтыш керек !!!
19.12.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер чондор азырак жесенер айына жолок пул 700 сом эмес,7000 сом болот эле.Силердин кара курсагынар тойбой жаткан учун,карапайым эле кыцнаоып келет
19.12.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо жеп жутарлардын айлыктары укмуштуудай. Биз мугалимдер тушубуздо да корбойбуз андай айлыкты. Мына азр декретте отурам бир тыйын акча жок. Пособие ала албайм же. Кичине кекиртектерин тыйып пособиени ар бир балага чыгарып берсе болмок. Беш Балам бар. Бир тыйын пособие албайм(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: