super.kg logo
  Спорт  

Чүйдө өткөн эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары бир нече алдынкы орундарга ээ болушту

 

Арашан айылындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде профессионал мушкерлердин арасында Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын эрежесиз уруш боюнча "WEF45 PROFFIGHT" эл аралык мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мелдештин уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мелдеште Кыргыз мушкерлер жана Казакстан менен Өзбекстандан келген мушкерлер таймашып, 38 спортчу өз ара беттешти.

Мелдештин жыйынтыгы:

57 килограмм салмак ченинде:

Даниель Толонбеков (Кыргыз өлкөсү) - Манас Абдуллаев (Кыргыз өлкөсү) - муунтуу ыкмасы менен Абдуллаев жеңишке жетти;

Бекнияз Карымбай уулу (Кыргыз өлкөсү) - Мыктыбек Осконбаев (Кыргыз өлкөсү) - Осконбаев калыстардын чечими менен жеңишке жетти;

Артур Мамыров (Кыргыз өлкөсү) - Адилет Шералы уулу (Кыргыз өлкөсү) - муунтуу ыкмасы менен Мамыров жеңишке жетти;

Асылбек Казакбаев (Кыргыз өлкөсү) - Бекзат Сапаров (Кыргыз өлкөсү) - Сапаров муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти;

Данияр Жаныбек уулу (Кыргыз өлкөсү) - Князь Яконов (Казакстан) - Данияр Жаныбек уулу калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.

61 килограмм салмак ченинде:

Баймурат Сатиев (Кыргыз өлкөсү) - Дастан Назарбай уулу (Кыргыз өлкөсү) - Сатиев муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти;

Нурбек Абдыкадыр уулу (Кыргыз өлкөсү) - Мирлан Мырзамаматов (Кыргыз өлкөсү) - Нурбек Абдыкадыр уулу техникалык нокаут менен жеңишке жетти;

Алманбет Абдывасы уулу (Кыргыз өлкөсү) - Азизбек Акбаров (Өзбекстан) - Акбаровдун машыктыруучусу баш тарткандан улам Абдывасы уулу жеңишке жетти.

66 килограмм салмак ченинде:

Ариет Карим уулу (Кыргыз өлкөсү) - Орозбек Жалил уулу (Кыргыз өлкөсү) - Карим уулу техникалык нокаут менен жеңишке жетти:

Султан Алыкулов (Кыргыз өлкөсү) - Манас Абдразак уулу (Кыргыз өлкөсү) - Алыкулов калыстардын чечими менен жеңишке жетти;

Нурлан Курманалиев (Кыргыз өлкөсү) - Кахрамон Авезов (Өзбекстан) - Курманалиев калыстардын чечими менен жеңишке жетти;

Куштарбек Амирбек уулу (Кыргыз өлкөсү) - Бакытбек Дүйшөбай уулу (Кыргыз өлкөсү) - Бакытбек Дүйшөбай уулу колун кайруу ыкмасы менен жеңишке жетти;

71 килограмм салмак ченинде:

Максутбек Балтабаев (Кыргыз өлкөсү) - Фируз Юсупов (Өзбекстан) - Балтабаев нокаут менен жеңишке жетти;

77 килограмм салмак ченинде:

Манас Темирбеков (Өзбекстан) - Шерзод Ганиев (Өзбекстан) - Ганиев оорутуу ыкмасы менен жеңишке жетти;

84 килограмм салмак ченинде:

Алибек Наркул уулу (Кыргыз өлкөсү) - Бахитжан Алибеков (Казакстан) - Наркул уулу техникалык нокаут менен жеңишке жетти:

Алманбет Нуралы уулу (Кыргыз өлкөсү) - Дияр Нуркожай (Казакстан) - Нуркожай нокаут менен жеңишке жетти.

93 килограмм салмак ченинде:

Ислам Ашыралиев (Кыргыз өлкөсү) - Файоз Шамуродов (Өзбекстан) Шамуродов муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: