super.kg logo

Ырчы Дилшат Кангелдиева милицияга нааразы

 

Кыргыздын белгилүү ырчы айымы Дилшат Кангелдиеванын унаасынын эшик, терезелерин белгисиз адамдар талкалап кетишкен. Бул тууралуу ал жеке баракчасына кечээ, 18-декабрда жазган.

Анын билдирүүсүнө ылайык, унаанын эшик, терезелерин сындыргандар баштыкка салынган жаңы кийимдерин уурдап кетишкен. Ал интернеттеги баракчасына видеокөзөмөлгө тартылып калган видеону жүктөгөн.

"Замандаштар, видеодон менин унаамды тегеренип, шыкаалап, ары-бери өтүп жаткан жаштарды көрсө болот. Бири кыз, 3 эркек бала экен. Мен милицияга чалып 2 саат күтүп турдум. Үшүп кетип Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазайын деп бардым. Бирок милициянын айткан сөзүнө кыжырландым. "Эже, бир байкуш селсаяк ачка болуп айласыздан сиздин машинаңызды талкалап, ичинен уурдап кетти да. Аларга да кыйын, акчасы жок, туура түшүнүңүз", - дейт. Коомубузду тартипке салуучу орган кызматкерлерине ишенип келсе кебелишпейт. "Биз кечки тамактанууга бараттык эле, эми сиз үчүн ачка калалыбы?" - деп кайра мага милдет кылышат. "Эже, 2 жолу бар, бири - арыз жазыңыз же жазбаңыз" деген сөздү 6 жолу кайталады. Биздин Ички иштер министрлиги ушундай кызматкерлерди жумушка алса, биздин коом оңолушуна көзүм жетпей калды. Ууруларга "крыша" болуп жүргөн милиция кызматкерлерин да угуп жүрөбүз. Аман эле болушсун, ошондой деңгээлдеги милициялар", - деп жазган Кангелдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
19.12.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Булардын копконуно коп болбодубу,эмнесин айтасыз эже.
19.12.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
2000 сом берсе жакшы мамиле кылмак
19.12.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Эже бекем турунуз,интерентке чыгарып жакшы кылыпсыз эми кыймылдашат. Булар звезда болуп интернетке чыкмайынча кыймылдашпайт.
19.12.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
kechirmeni, Туура Маевкада кылмышкер 1-2 айдан бери ар кайсы жерге орт коюп жургондо, милиция кайдыгерликке салып карабай койгон. Киин кылмышкер куч алып бир тундо 10 чакты жерге орт койгондо да чакырсак, замыкание болгон силер эмнени билесинер деп карабай койгон. Качан гана жергиликтуу тургундар бул окуяны интернетке тараптып, журналисттерди чакырып ызы чуу салгандан киин, эн мыкты деген оперлерин жиберип, 3кундо кылмышкерди таап келишкен.
19.12.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нормальный эле жүргөн адам мент болуп калсале наглый болуп калат экен. ХХХХ менттер
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-19 13:50:50
19.12.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
kechirmeni,Өтө туура жооп жазыпсың. Кошулам
19.12.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
tigi milisiyany da tartyp juktop koybopsuz owondo katuu kiymyldamak
19.12.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Милицияга иш тушкулук кылбасын деген соз чын да
19.12.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ДИЛШАД ЭЖЕ Сиздин созунузду окуп бержакта менин кыжырым келди аябай,аягына чейин каттуу турунуз,сотко бериниз,Значит манкурт милиция, уурулардын КРЫШАСЫ экенда созуно караганда ошондой кооп кеткен соройлорду иштен бошотуу керек жабырлануучуга коргоочу болбой ал жерде Эшек такалаганы келиппи жумушка?,ууруларга боору ооруган адам соо адам эмес значит ошонун крышасы!
19.12.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Свердлов-РОВДда таанышым иштейт. Органда иштеген 99% адамдар адам эмес. Кудайдын сотунан эч ким качалбайт.
19.12.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Органда иштегендердин айынан жаман адамдар кобоюп кетти.
19.12.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Милицияларга эмне жетишпейт.Атамбаев мени жакшы коргошсун деп ИИМ жана УКМК кызматкерлерине коп кабатту батирлерди салып берсе.Эми Жээнбеков эрдик этип жанагы Атамбаевтин жан сакчысын жумуштан бошотуш керек.
KGstan1981 түзөттү 2017-12-19 15:06:50
19.12.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манкурт милиция, себеби оз ишин билген мыкты милициядан андай соз чыкпаш керек эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: