super.kg logo

Зилалиев "Бакиевдин VIP-шаарчасын сатууда мыйзам бузуулар болгон жок" деген пикирде

 

Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун жетекчилиги "Максим Бакиевдин VIP-шаарчасын сатууда мыйзам бузуулар болгон жок" деген пикирде. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйында аталган фонддун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, аукциондорду өткөрүү учурунда эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.

"Фонддун кызматкерлери 9 жолу аукцион өткөргөн. Сатуулар ачык жана таза өттү", - деди ал.

Маалымдай кетсек, сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.

Башкы прокуратура кечээ, 18-декабрда VIP-шаарчасын сатуу боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.






48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: