super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулары таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда 2-орунду багындырды

 

Москва шаарында өткөн мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча Дүйнө кубогунун үчүнчү этабында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 2-орунду багындырышты. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Эрмек Курманалиев билдирди.

"Мелдеш 16-17-декабрь күндөрү өткөн. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 16 спортчу катышып, 5 кубок жана 6 медаль жеңип алышты", - деди ал.

Күмүш медалга Бекжан Өмүралиев, Кудайназар Алимов, Вячеслав Абросимов татыган болсо, коло медалдарды Азат Таштанбеков, Русланбек Чыныбек уулу, Дилдора Рахманова багындырган.

Жалпы жыйынтык боюнча экинчи даражадагы кубокту Дилдора Рахмонова, Вячеслав Абросимов илип кетсе, үчүнчү даражадагы кубокко Азат Таштанбеков, Кудайназар Алимов жана Бекжан Өмүралиев ээ болушту.

Кыргыз спортчулары 44 медаль топтоп, 43 мамлекеттин ичинен экинчи орунга ээ болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: