super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун башкы катчысын кабыл алды

 

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Юрий Хачатуровду Сооронбай Жээнбеков уюмдун 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун ишмердигинин негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Жээнбеков Минск шаарында 30-ноябрда уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи. “Менин алгачкы жумушчу сапарым Москва шаарына, андан кийин уюмдун мааракелик сессиясы өткөн Минск шаарына болду. Мен уюмга мүчө мамлекеттердин бардык башчылары менен жолугуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычта болдум. Бул сапар абдан пайдалуу болду”, - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы аймактагы коопсуздуктун кепилдиги катары Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жеринде Сооронбай, экинчисинде Жээнбеков, президент го акыры тушунбой калдым.Жээнбеков деген коп го бизде.
RusMos76 түзөттү 2017-12-19 16:02:38
19.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ю.Хачатуровго С.Жээнбеков бердиби же Хачатуровду С.Жээнбеков бердиби ондогондон кийин деле тушунуксуз го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: