super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт “Кумтөр” маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн дагы 3 ай мөөнөт берүүнү Жогорку Кеңештен суранды

 

Бүгүн, 4-июнда "Кумтөр" маселесине арналган ЖКнын 3 комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө.  Анда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кумтөр” маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө дагы 3 ай убакыт берүүнү Жогорку Кеңештен суранды. Айтымында, өкмөт ишти акырына чыгаруусу үчүн дагы убакыт керек. Ошондой эле Оторбаев ушул жылдын биринчи кварталында “Кумтөр” ишканасынан 1 миллиард 440 миллион сом салык алынгандыгын билдирди.  

“Кыргызстан учурда аталган компаниянын үлүшүнүн канча пайызына ээ болуп жатканын, долбоорлордун ичинде канча активдер бар экендигин билиши керек. "Центерранын" активдери башка мамлекеттерде да бар. Аларды жакшылап текшерүү керек. Алар бардык активдерди санаган соң "Центерра" менен тактап, өкмөткө алып келүү зарыл. Бизге сандар келбегендиктен бул суроого так жооп бере албайбыз”,- деди биринчи вице-премьер-министр. Өз кезегинде депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстан "Кумтөрдүн" 33 пайыз кирешесине ээ болуп жатканын билдирди. “Кыргызстан 50 пайызга ээ болушу керек. Эгер ага макул болбосо, келишимди денонсациялоо зарыл”,- деди Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: