super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Дилшат Кангелдиеванын арызынын негизинде кылмыш иши козголду"

 

Ырчы Дилшат Кангелдиеванын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ырчынын арызы каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

"Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну Дилшат Кангелдиевадан арыз түшкөн. Анда арыз ээси токтотулуп турган Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаасынын терезе, эшиктерин белгисиз адамдар сындырып, ичиндеги буюмдарын уурдап кеткендигин жазган. Мындан тышкары ал 35 миң сом өлчөмүндө чыгымга учураганын белгилеген. Бул факт боюнча материалдар топтолуп, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ырчы айым жеке баракчасына унаасынын эшик, терезелери сындырылып, буюмдары уурдалгандыгы тууралуу жазгандыгы маалымдалган. Мындан тышкары ал бул боюнча милицияга кайрылып, алардын кебелбеген мамилесине туш болгондугун белгилеген.

Бишкек ШИИББи Кангелдиеванын интернетке жазган билдирүүсү боюнча 17-декабрда кызматтык териштирүү башталгандыгын кошумчалады.

Ал эми ырчы Дилшат Кангелдиева 500 доллардай чыгымга учураганын, бирок милиция муну "майда иш" деп көңүл бурбай жаткандыгын SUPER.KG порталына билдирген.

"Окуя 16-декабрда кечинде болду. Мен унаамды токтотуп, курбумдун үйүнө кирип кеткем. Телефон номеримди дайыма унаамдын алдынкы терезесине калтырып кетем. Мага чалып унааңызды талкалап кетишиптир дешти. Чыксам терезесин, эшигин талкалап жаңы тигилген кече көйнөктөрүмдү уурдап кетишиптир. Унааны калыбына келтирүү да чыгым. Милицияны чакырып, 2 саатка жакын күттүм, келбегенде терезелери сынган машинамды айдап барып, алардын кайдыгер мамилесине туш болдум. Милициянын айтымында, бул "майда иш" экен. Бирок бардык нерсе майдадан башталат, коомчулук, милиция бул көрүнүшкө көз жумсак мындай кылмыштар көбөйөт, чоң кылмыштар жасалат. Андыктан мен милициянын артынан түшүп болсо да бул иштин аягына чыгарам", - деп билдирди Дилшат Кангелдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
19.12.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эшигине айда депкойгонбу
19.12.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
islamik,Аида деп койгонбу
19.12.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamik,анда деп койуптур.машиненди албасан анда мына дегени го?)
20.12.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
islamik,жууп койсо боло аял киши экен
19.12.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кыласыз мен сизди колдойм,менда ушундай учурга туш болгонмун милициялардын кайдыгерлигинен улам жоготкон нерсемди таба албай калгам болбосо ага тиешелуу баардык документтерим бар болчу,кимге арызданышымы билбейм ыйлап ыйлап кала бергем,ошолор таап берет деп ишенип барсам алардагы бутунан башына чейин карабатса тоготпогондой кайда барабыз билбейм
19.12.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Интернеттин пайдасы эгер Дилшат Кангелдиева Интернетке чыгарбаганда. Бул иш козголмок эмес. Милицияларга ушундай мамиле жарашат
19.12.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милицияда иштегендер эч бир кыймылдап койоюн дебейт. Меесинин баары эле акча бодуп калган.
19.12.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии жаман болгон экен. Ушундай да болобу
19.12.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashtan ottugo..milisiyalar orondop shildindap soo joop berishpeit,kebetene kiyimine akchana karap mamile kilishat,milisiya vrachtin kozun karatpasin.
20.12.2017. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул иттер буйрук менен иштешет фас деп жогорудан айтылса жүгүрүшөт.
20.12.2017. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур,бироонун мээнети менен тапканын уурдап алып,акыретте кантип жооп берээр экенсинер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: