super.kg logo

Сапар Исаков: "Коомдук кеңештер бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштебеши керек"

 

Бүгүн, 19-декабрда премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик түзүмдөрдүн коомдук кеңештеринин жыйынында коомдук кеңештер бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштебеши керектигин айтты.

Анын айтымында, коомдук кеңештер түзүмдөрдүн жетекчилери менен укугу бирдей. "Алар мамлекеттик түзүмдүн актуалдуу маселелерин чечүүдө жана коррупцияга каршы күрөшүүдө жетекчилик менен бирге активдүү роль ойноосу зарыл. Мына ошондуктан коомдук кеңештер бирөөлөрдүн же жетекчиликтин жеке кызыкчылыгы үчүн иштебестен тең укуктуу өнөк катары иш алып баруусу керек", - деди Исаков.

Мындан тышкары Сапар Исаков өкмөт өкүлдөрү ар дайым коомдук кеңештердин иштерине көмөктөшүп, ачык-айкын иш алып барууга даяр экенин кошумчалап, баарынын түпкү максаттары бир экенин айтты.

"Бардыгыбыздын максатыбыз бир, ал ар бир жарандын укугу мамлекет тарабынан корголгон демократиялык жана светтик гүлдөгөн мамлекетти куруу", - деди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: