super.kg logo
  Саясат  

"Фергана.ру" өкмөттүн кечирим суроо талабына жооп кайтарды

 

"Фергана.ру" маалымат агенттиги премьер-министр Сапар Исаковдун алдынан кечирим суроо талабы боюнча жооп кайтарды.

Билдирүүсүндө "Фергана.ру" журналисттик иликтөө коомдо чуу жаратып, Башкы прокуратураны текшерүү жүргүзүүгө мажбур кылганын баса белгиледи. Мындан тышкары аталган агенттик өкмөттүн басма сөз кызматына кайрылып, журналисттик иликтөөдө "Премьер-министр Сапар Исаков жана анын айланасындагылар VIP-коттедждерди сатууга тиешеси бар" деген жерин көрсөтүп берүүнү жана эмнени төгүндөө керек экенин сурады.

Айта кетсек, кечээ, 18-декабрда Башкы прокуратура аталган журналисттик материал боюнча иликтөө жүргүзүп, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.

Премьер-министр Сапар Исаков 7-декабрда журналисттер менен жолугушууда "анын классташы Максим Бакиевдин мүлкүн арзан баада сатып алды" деген ЖМКларда чыккан кабар тууралуу оюн айткан. "Бакиевдин үйүн сатып алды делген адам менин "классташым" имиш. Бирок ал адам Бишкектеги мектепте окуган экен, мен болсо Ошто окугам. Мындан улам аны менен бир мектепте окуганыбыз мүмкүн эмес", - деген Исаков.






48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: