super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Энесине түйшүк артпай себин өзү даярдаган кыздарга суктанам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздардын сеп жыйноосуна кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Мен билген айрым эжелердин өздөрүнө сеп жыйнаганын көргөм. Биринде жаздык алса, биринде жер төшөк, биринде келин болгондо кийчү кийим-кечек сатып алгандарына күбө болуп эле жүрөм. "Канчалык эрте сеп жыйсаң, ошончолук кеч күйөөгө тиесиң" деген сөздү дагы угуп калгам. Өзүңөргө сеп даярдайсыңарбы, оюңарды жаза кетсеңер?" - деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Септи кыз бала даярдоого эмнеге болбосун, иштеп колунан келип турганда. Ата-энесине жардам болсун деген гана тилек го. Мен туура эле көз караштамын. Азыр көпчүлүк кыздар Орусияда иштеп, өзүнүн себин өзү бүтүрүп жаткан кездери. Бул деген ата-энени материалдык жактан аксатпай, кол-кабыш кылганы. Энесине түйшүк артпай себин өзү даярдаган кыздарга мен суктанам".

"Менин бир эжем өзүнө сеп жыйнап жүрүп эрте эле күйөөгө тийди. Ырым-жырымга эмес, Кудайга ишениш керек, бардык нерсе Кудайдан".

"Менин себимди апам 7-классымда эле баштап койгон. Бош убактысын сайма саюу менен өткөрчү. Апам тиккен саймалар түбөлүккө эстелик болуп калды. Калган төшөк, чачык, шейшептерди өзүм сатып алгам".

"Менин абамдын кызы бүт баарын өзү даярдап койгон, бирок багы ачылбай жатат. Канча жылдан бери чаң басып бир бөлмөдө турат. Мен дагы даярдап койсо жакшы да деп ойлочумун. Бирок эмнегедир акча эле чогултуп коюш керек экен деп калдым. Бардык нерсе өз убагында болгон жакшыбы дейм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.12.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менин келечектеги президентим А.К.Мадумаров азырда ал мен учун президент.Ал кишинин талкуусун ачып койунуздарчы!!!
20.12.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azatbek83Сеп жонундо кеп журуп жатат тууган.темадан алыстабайбыз.
20.12.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мактангандык эмес.Мен себимди 2 жылда чогулттум, турмушка убагында эле тийдим Кудайга шугур жакшынакай жашап жатам. Ата энем ыраазы болгон озун баарын бутурдун деп. Ошондо тобом кокко жетип суйунгом. Себин жыйса кеч тиет деген болбогон кеп ар кимдин багына жараша да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: