НТС телеканалынын башкы редактору: "Каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча доо арызды "Grexton Capital LTD" компаниясы берген"






Бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондук аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.
Аталган телеканалдын башкы редактору Миржан Балыбаевдин айтымында, каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча доо арызды "Grexton Capital LTD" компаниясы берген.
"Доо арыз берген компания "Аянт" аталышындагы ишкана менен соттошуп жатыптыр. "Аянт" болсо 6-7 жыл мурда жоюлуп кеткен экен. Эми ошол жоюлуп кеткен ишкананы качандыр бир кезде НТСтин мүлктөрүнө ээлик кылганын айтышууда. Биздин юристтер соттун ал чечимин негизсиз деп жатышат", - деди Балыбаев.
НТС телеканалында болуп жаткан абал
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Соке биринчи сенден баштайм курошту деди эле Бабанга мына баштады
Ээси гана алмашат.
p.s. С.Жээнбеков сиздин дос, теңтушуңузбу? Соке, сен деп кайрылганыңыздан айтам.