super.kg logo

НТС телеканалынын жетекчиси: "Телеканалды жабуу аракети жүрүп жатат. Бабанов менен байланыша элекпиз"

 

Бүгүнкү иш-аракет аркылуу түздөн-түз телеканалды жабуу аракети болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда НТС телеканалынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул кадамдар түздөн-түз сөз эркиндигине болгон кысым.

"Бүгүн кечки саат 5 чамасында биздин имаратка сот аткаруучулар жана милиция кызматкерлери келишти. Алар сотко "Grexton Capital LTD" компаниясы "Аянт" аттуу ишкананын үстүнөн сотко кайрылганын айтышты. "Аянт" болсо 6-7 жыл мурда жоюлуп кеткен экен. Эми ошол жоюлуп кеткен ишкананы качандыр бир кезде НТСтин мүлктөрүнө ээлик кылган деп жатышат. Бизди мындай сот аткаруучулардын тез иштөөсү таң калтырат. Алардын колундагы сот чечими бүгүн түштөн кийин чыккан чечим экен. Биз тиешелүү жакка эртеңкиге чейин убакыт бергиле деп арыз жаздык. Ал эми биз Бабанов менен байланыша элекпиз", - деди Үсөн уулу.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.






НТС телеканалында болуп жаткан абал

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундан коро форумду арестке койсо болмок сразу билинип калды заказной экени
Медиа-портал
08.01.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба бийликтигилер уже бутуп калышкан уят эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: