super.kg logo

Депутат Алтынай Өмүрбекова: "НТС телеканалы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлөт"

 

НТС телеканалына карата жасалып жаткан басымдар тууралуу маселе Жогору Кеңеште көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова НТС телеканалындагы маалымат жыйында билдирди.

Ал бул кадамдар ачык эле саясий буюртманы аткаруу экенин, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрө турганын айтты. Андан сырткары ал НТС телеканалына келген сот чечиминде аты аталган компания Максим Бакиевге таандык экени тууралуу маалыматтар интернетте көп экенин, мындай шектүү компаниянын доосун сот аткаруучулар бүгүнкүдөй тездикте аткарып жатканы таң калтырарын айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.12.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Парламенттке алып чыксанызда ал жактагылар эч нерсе чечпейт, бул көйгөйдү ак үйдөгү бир киши чечет же экс президент чечет.
19.12.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул бийлик тойгуздуго озу
19.12.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соз жок
19.12.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап карапайым адамдарга эле зыян ортодо.Жабылса НТСтегилер жумушсуз калса Соке багабыкен баарын?Чонтогунон бир тыйын кетпегенден кийин,Бабанов айлык берип жатса кочугун кыспайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: